Ноокаттагы сел. Кезарт жайлоосунан 150 адам эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокат районунун Жаңы-Айыл аймыгынын Кезарт жайлоосунан 150 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун аймактагы катуу селден улам аталган жайлоого баруучу жол жабылып калган. Натыйжада жайлоодо калып калган эс алуучуларды коопсуз жайга эвакуациялоо үчүн ӨКМден 12 куткаруучу жана жергиликтуу тургундардан 40 адам жөнөп кетишкен. Алар жолдун катаалдыгынан улам 8-9 саат жол жүрүшүп, 150гө жакын адамды аман-эсен коопсуз жайга алып түшүштү.

Мындан тышкары, ӨКМдин тик учагы кары-картаңдар, аялдар жана жаш балдарды эки каттам менен Кулатов айыл аймагына алып келген.

Белгилей кетсек, күн мурун Ноокат районунун аймагында катуу сел жүрүп, 6 адамды, мал-жандыктарды жана электр мамыларын агызып, Апшыр-Сай сайынан түшкөн сел суулары Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кегарт жайлоосуна баруучу жолдорду жууп кеткен. Натыйжада аталган аймактарга эс алууга барган 1400гө жакын адам суудан өтө албай калышкан. Кечээ түнү менен жана бүгүн ӨКМдин куткаруучулары жана тик учак менен жалпы 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Пикир

Оставить комментарий