Ноокаттагы сел. Кызыл-Кыядан куткаруучулар менен кошо азык-түлүк жөнөтүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Б.Тойгоновдун башчылыгында Ноокаттын сел жүргөн аймактарында жабыркаган жарандарга эки портер азык-түлүк жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле күн мурун Кызыл-Кыя шаарынан 20 куткаруучу чыгып, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.

ӨКМден белгилешкендей, учурда сел жүргөн аймактарда жарандарды куткаруу жана коопсуз жайга көчүрүү жумуштары күчөтүлгөн тартипте уланууда.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Тилекке каршы ошол учурда сайда суунун жээгинде эс алып жаткан 6 адамды суу агызып кетип, кийин анын төртөө каза болгону жана дагы бирөөнү издөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен жолдор, көпүрөлөр бузулуп, суу электр мамыларын агызып кеткен.

Мындан тышкары, жамгыр катуу жааган учурда Абшыр-Ата эс алуу жайында 500дөн ашык, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Учурда алар ӨКМдин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга эвакуацияланууда.

Пикир

Оставить комментарий