Ноокаттагы сел. Өлгөн мал-жандыкты зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Селден улам Ноокат районунда өлгөн мал-жандыкты зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, жерине 20 кызматкер жана 6 автоунаа тартылды. Алар малды атайын чуңкурларга ветеринардык-санитардык эреженин талаптарына ылайык көмүшүүдө.

Ветеринардык адистер тарабынан дагы тактоо иштери аткарылып жатат.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Тилекке каршы ошол учурда сайда суунун жээгинде эс алып жаткан 6 адамды суу агызып кетип, кийин анын төртөө каза болгону жана дагы бирөөнү издөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен жолдор, көпүрөлөр бузулуп, суу электр мамыларын агызып кеткен.

Мындан тышкары, жамгыр катуу жааган учурда Абшыр-Ата эс алуу жайында 500дөн ашык, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Учурда алар ӨКМдин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга эвакуацияланууда.

Пикир

Оставить комментарий