Ноокаттагы селден жабыркаган электр объектилери калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокаттагы селден жабыркаган конуштардын электр энергиясы калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, сел суусу 6 электр чубалгысынын тирөөчтөрүн агызып кеткен жана 16 электр чубалгысынын тирөөчтөрүн жарактан чыгарган.

Күн мурун Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин авариялык калыбына келтирүү топтору талкаланган электр объектилерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ноокат районуна Араван, Ош, Сулайман-Тоо РЭТтеринен бир нече авариялык абалды калыбына келтирүү топтору атайын техникалар менен жөнөтүлгөн.

"Учурда Кожо-Арык, Ак-Чал, Ак-Терек айылдарындагы 2771 абонентке электр энергиясы берилди. Жакынкы сааттарда калган 180 абонентке электр энергиясы калыбына келтирилип берилет. Жолдор ачылгандан кийин электр чубалгыларын дагы текшерүү иштери уланат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, энергетиктер электр жабдууларын ыкчам калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Пикир

Оставить комментарий