Ноокаттагы селдин кесепеттери. Абшыр-Атада убактылуу медпункт ачылды

Аймак 0

Бишкек,29.06.24./Кабар/. Ноокат районундагы Абшыр-Ата эс алуу аймагында убактылуу медициналык пункт ачылды. Анда селден жабыркагандарга кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Убактылуу уюштурулган медпункта Ноокат райондук ооруканасынын дарыгерлери иштеп жатат, ошондой эле Ош облустук ооруканасынан дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер тартылды. Мындан тышкары, жабыркагандарга невропатологдор жана психологдор да жардам беришүүдө.

Ошондой эле Ноокат райондук ооруканасынын башчысынын айтымында, медпункт бардык дары-дармектер жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Окуя болгон жерде 4 тез жардам унаасы бар.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Тилекке каршы ошол учурда сайда суунун жээгинде эс алып жаткан 6 адамды суу агызып кетип, кийин анын төртөө каза болгону жана дагы экөөнү издөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен жолдор, көпүрөлөр бузулуп, суу электр мамыларын агызып кеткен.

Кийинкерээк Абшыр-Ата эс алуу жайында жана Кезарт жайлоосунда жалпы 1400гө жакын адам суудан өтө албай калып калганы белгилүү болуп, аларды эвакуациялоо, издөө жана куткаруу иштери азыр дагы уланууда.

Пикир

Оставить комментарий