• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ноокаттагы сел. Казакстандан келген 2,7 тонна гумжардам таратылып берилди

Коом 0

Бишкек, 05.07.24./Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда катталган сел каптоолорго байланыштуу Казакстандан 2,7 тонна гуманитардык жардам келген. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык жардамды кабыл алуу боюнча жеринде комиссия түзүлгөн. Жергиликтүү бийлик муктаждарга жардамдарды бөлүп берди.

“Гуманитардык жардамдын ичинде 50 коробка консерваланган эт, 5 коробка чай, 18 коробка гречка, 36 мүшөк макарон болгон. Алардын баары бүгүнкү күндө Көк-Жар, Кулатов, Жаңы Ноокат, Гүлүстан, Исанов айылдарына таратылып берилди”, - деди ал.

Бул гумжардамды Казакстан селдин кесепетинен каза болгон төрт жаранынын сөөгүн алып кетүү үчүн келгенде тапшырган болчу.

Пикир

Оставить комментарий