Ноокен: Момбеков айылындагы бала бакча 4 млн сомдон ашык каражатка оңдолду

Аймак 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагындагы бала бакча оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 175 орунга ылайыкташкан типтүү бала бакча 1963-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Имарат 1993-жылы аскер бөлүккө берилип, 2009-жылы элдин талабы менен кайрадан бала бакчага айланган.

Учурда бала бакчанын имараты 4 млн сомдон ашык каражатка оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий