• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ноокен районунда 5590 адам тууган-уруктарынын үйлөрүнө көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Арал айыл аймагынын Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун нугу 18-19-апрелде жааган жаан-чачындан улам көтөрүлүп Арал айылындагы №2 коргоочу тосмонун 250 метр аралыгын жууп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, натыйжада, Мазар тилкесиндеги 234 турак жайга жана 2138 га айдоо жерлерге да кооптуу абал жаралган.

Басма сөз кызматы билдиргендей, аталган дамбаны“Келечек” ишканасынан 6 самосвал, 2 бульдозер,ӨКМ тарабынан 1 автожүктөгүч, 1 бульдозер, 5 автосамосвал, 150 жергиликтүү тургундардан, улук лейтенант Бекеновдун жетекчилигинде ПЧ-55 19 кызматкер, саат 12:30 чамасында Таш-Көмүр шаарындагы №2 Өзүнчө издөө куткаруу кызматынан 30 куткаруучу майор С.Отомбаевдин жетекчилигинде, жергиликтүү тургундардан 150 киши 22 ирет таш ташып, 1000 кап коюшкан. Мындан тышкары, 20 дарак кыркылып коюлду.

19-апрелде саат 13:00дө Сакылды айыл аймагынын Чек, Кыргызстан, Кормоцех айылдарынын суу каптоо коркунучу бар аймактарында жашаган кожолуктарды көчүрүү башталды.

Кыргызстан айылындагы 480 кожолуктан 384 кожолук көчүрүлдү (2304 киши),

Чек айылы 140 (1120 киши), Сай-Бою 209 (1254 киши), Кормоцех 132 (792 киши), Чоң-Багыш 20 кожолук (120 киши) толук көчүрүлдү.

Жалпы айыл аймактар боюнча 885 кожолук 5590 киши тууган-уруктарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. Көчүрүү иштерине “КыргызнефтиГаз” ишканасынан 2 автобус жана 4 кичи автобусу (Бусик), Масы АТП авто транспорт мекемесинен 1 кичи автобус (УАЗ), Кочкор-Ата шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 1 кичи автобус (УАЗ), тартылган. Ошондой эле, жеке менчик унаалар менен көчүрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий