• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ноокен районунда борбордук стадионду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Каба/. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу алдында Ноокен районунун борбордук стадиону реконструкцияланууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин 1980-жылдары курулган стадиондун эскилиги жетип, капиталдык ремонтко муктаж болуп келген.

Аталган спорттук жайды оңдоп-түзөөгө Масы айыл өкмөтү тарабынан 23 миллион сомдук долбоор даярдалып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган. Фонд демилгени колдоого алып, 5 миллион 872 миң сом акча каражатын бөлүп, учурда борбордук стадиондо ремонтто иштери аяктоо этабына келди.

Стадионду реконструкциялоо долбоорунун тендердик суммасы 18 миллион 135 миң сомду түзөт. Ноокен райондук өнүктүрүү фонду 10 миллион сом каржылаган. Андан сырткары айыл өкмөттүн салымы бар. Райондук стадионду оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлсө, жергиликтүү тургундар үчүн спорттук оюндарды өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий