• 86.38
  • 91.01
  • 0.87

Ноокен районунда эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Кечээ, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ноокен районунун Масы жана Арал айылдарында жаңы бала бачалардын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ачулуу аземине КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, район акими Таалайбек Ишенбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана айыл тургундары катышты.

Облус башчысынын орун басары бул саамалык балдарды коргоо күнүнүн алкагындагы алгылыктуу аракеттердин бири экенин белгиледи. Ар бир бала өкөнүн эртеңки келечегин түзөөрүн, аларга жеткиликтүү социалдык шарттарды жаратуу, татыктуу тарбия берүү мамлекеттин жана ата-энелердин башкы милдет болуп саналаарын кошумчалады.

Ноокен районунун Масы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы 75 орундуу, Арал айылындагы 36 орундуу бала бакчалар райондун өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий