Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ноокен районунда текстиль фабрикасынын курулушу кечеңдеп жатат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Кызыл-Кыя шаарынан келген делегат Асылбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, өзбек ишкерлери менен биргеликте келишимдин негизинде фабрика курулмак. Бул үчүн Арал айыл аймагынан 20 гектар жер аянты бөлүнүп берилген.
"Тилекке каршы бул текстиль фабрикасынын курулушу баштала элек", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий