Ноокен районунда трансформатордон өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Ноокен районунда трансформатордон өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 15-февралда саат 08:02де Ноокен районуна караштуу Алма айылында трансформатор күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган дарекке өрт өчүрүүчү 1 бөлүм тартылып, өрт саат 08:40та толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий