• 87
  • 89.77
  • 0.79

Ноокен районунда жаңы вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Ноокен районунда жаңы заманбап вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашып, жалпы 3 млн 923 миң 198 сом акча каражаты сарпталды. Анын ичинен 3 млн 523 миң 198 сом фонд тарабынан бөлүнсө, 400 миң сом Ноокен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борборунун өздүк салымына туура келди.

Ноокен районунун калкынын саны 171 миң 275ке жетип, өсүп жаткандыктан, вакцина сактоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгы пайда болгон. 2024-жылдын май айында Республикалык иммунопрофилактика борбору тарабынан "Муздатуучу бөлмө" бөлүнүп орнотулуп, мындан сырткары 5 "жылуу" жана 5 тоңдуруучу жабдуулар менен камсыздалды.

Жаңы кампа вакциналарды +2°Cден +8°Cге чейинки оптималдуу температурада сактоону камсыздайт. Вакциналар облустук кампадан жеткирилип, район ичиндеги медициналык мекемелерге таркатылып турат. Кампа Ноокен районунун тургундары үчүн коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган маанилүү кадам болду.

Пикир

Оставить комментарий