• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ноокен жана Токтогул райондорунда жол кырсыгынан каза болгондорду эскеришти

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-ноябрында Ноокен жана Токтогул райондорунда жол кырсыгынан каза болгондорду эскеришти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы боюнча ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын 26-октябрындагы резолюциясына ылайык, ноябрь айынын үчүнчү жекшемби күнү "Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү" деп кабыл алынган.

Ушуга байланыштуу, Ноокен жана Токтогул райондук ЖККК кызматкерлери тарабынан жогорудагы эскерүү күнүнө карата, авто окуу жайлардын мугалимдери, жол кыймылынын жаш инспектолору (ЮИДД) менен биргеликте эскерүү маршы болуп, жол кырсыктардан каза болгон маркумдардын жакындарынын катышуусунда иш-чара өттү.

Ал эми Бишкек - Ош унаа жолундагы ЖКККБнүн "Арал" стационардык постунда айдоочулар менен чогуу бир минуталык эскерүү болду.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын он ай аралыгында облус аймагында жалпы 513 жол кырсыгы катталган болсо, анын кесепетинен 128 жаран каза болуп, 874 киши денелеринен ар кандай жаракаттарды алган.

Пикир

Оставить комментарий