• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ноокенде 9-класстын окуучусунун сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол-Сай айылынын ­четинен мектеп окуучусунун сөөг табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дененин табылганы тууралуу маалымат 24-февраль күнү болжол менен саат 20:00дө Тез жардамдын кызматкерлеринен келип түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал бала 15-20 метрлик жардан кулап түшкөн. Каза болгон бала 9-класстын окуучусу болгон.

Пикир

Оставить комментарий