• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ноокенде айыл чарба багытындагы жерлер жеке менчикке мыйзамсыз берилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Ноокенде айыл чарба багытындагы жерлер жеке менчикке мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары айыл чарба багытындагы жерлер айыл чарба өндүрүшү үчүн гана пайдалануусу көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ноокен айыл өкмөтүнүн Сары-Сыя участкасынын 225,234,232-контурларынын башкы планына кошумча 47 турак жай куруу үчүн 3,76 га жер тилкелерин кошуп жалган маалыматтарды киргизишип, өзүлөрүнө пайда көрүү максатында мыйзамсыз токтомдорду кабыл алышып, жарандарга турак жай куруу үчүн жеке менчикке өткөрүп жиберишкендиги аныкталган.

Учурда аталган айыл чарба багытындагы жерлерге жарандар тарабынан турак жайлар жана башка курулуштар курулуп кеткен.

Натыйжада, жогорудагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам, айыл чарба багытындагы 3,76 га жерлер жарандарга мыйзамсыз өтүп кеткен.

Аталган факты боюнча, Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, анын тергөөсү Ноокен райондук милициясына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий