Ноокенде 5 жаран “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунан чыккан

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21./Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Достук айыл аймагында бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Достук айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү жана элдик кошуундар менен биргеликте профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чарага тартылган кызматкерлер Достук, Кызыл-Туу, Шамалды-Сай, Адыр, Ынтымак, Таш-Дөбө жана Кыргыз-Коргон айылдарын кыдырышып, жалпы 3428 атуулду камтыган 712 кожолук текшерилди. Айыл тургундарынын көйгөй жараткан маселелери боюнча кайрылуулар кабыл алынып, милициянын көчмө кабылдамасынын каттоо журналына жазылды. Ошондой эле мергенчиликти сүйгөн ок атуучу куралы бар 7 жана РИИБдин алдын алуу каттоосунда турган 57 атуул текшерүүгө алынды. Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чаранын алкагында “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү катары каттоодо турган 5 атуул өз ыктыярлары менен уюмдан чыккандыгын билдиришти.

Мындан сырткары, мал уурулуктардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык араздашууларга жол бербөө максатында калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий