Ноокенде сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 22.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Алиев, Садырбеков айыл өкмөттөрүндө 21-июнда болжол менен саат 21:40та тынымсыз жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел суулары 152 турак жайдын жана 2 социалдык объекттинин, 1 жеке менчик пахта иштетүүчү заводдун короосун, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 523-чакырымын каптаган.

Жеринде кырдаалды жоюу үчүн 120 куткаруучу, техникалар тартылып, сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштарын алып барууда.

Сел каптаган аймактар тиешелүү адистер тарабынан заласыздандырылып, сел суу менен агып келген мал-жандыктар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылууда.

Пикир

Оставить комментарий