• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ноокендин Көк-Айдар айылындагы асфальт төшөлгөн көчө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Күн мурун Ноокен районунун Көк-Айдар айылындагы жаңы асфальт төшөлгөн Ж. Сатыкулов көчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Облус башчысы айыл жашоочуларын куттуктап, бул иш аракет элет жергесиндеги тургундар үчүн чоң кубаныч экенин билгиледи. Ага катар, эми Сатыкулов көчөсүндө жашаган 40 кожолук, 220 жашоочунун көптөн күткөн тилеги орундалып, жашоо шарты жакшырганын кошумчалады.

Бир чакырымдан ашуун жолдун курулушуна 9 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Анын 7 млн сому райондук өнүктүрүү фондунан, калган сумма жергиликтүү бийлик жана өздүк салымдын эсебинен каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий