• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нооруз майрамында өлкө боюнча 28 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Нооруз майрамында өлкө боюнча 28 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү өлкө аймагында жол эрежелерин бузуу боюнча 2 миң 608 факты аныкталды:
- коопсуздук курун тагынбагандар – 710 айдоочу;
- тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 31 айдоочу;
- белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандар – 394 айдоочу;
- мас абалында унаа башкаргандар – 28 айдоочу;
- башка эреже бузуулар – 1 445 айдоочу.

Ар кандай жол эрежелерин бузган айдоочулардын 138 автоунаасы убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий