• 87
  • 90.55
  • 0.84

Новиков: Алгачкы виртуалдык ККМ рынокко чыгышы – экономиканы көмүскөдөн алып чыгууга олуттуу кадам

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков ишкерлер үчүн «Альфа Телеком» ЖАК тарабынан иштелип чыккан алгачкы виртуалдык ККМ ишке киргизилиши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Талкуу жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Шатемиров салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун ишке киргизүү алкагында контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) ишин модернизациялоо жөнүндө айтып берди.

«Бизде патентке ээ болгон 100 миңден ашуун ишкерлер, он миңдеген жеке ишкерлер бар, ошол эле учурда болгону 17 миң ККМ бар. Бул расмий катталган жактар, ал эми көмүскө тарап тууралуу кеп кылган жокпуз. Салык кызматы ченемдик-укуктук бөлүгү боюнча иш алып барууда, бирок анда калк менен эсептешүүдө канча обьект ККМ пайдалана баштоосу керектиги боюнча талдоосу жок. Мага белгилүү болгондой, соода борборлорунун жана базарлардын жетекчилери өз ижарачыларын ККМ өткөзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр. Бирок Салык кызматы маселени чечүүгө шашылбай жатат. Биз бул маселени тез арада чечүүбүз керек, ошол эле учурда ККМ бизнес үчүн жеткиликтүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыздобуз керек. ККМ монополиясы жоюлушу керек», - деп белгиледи Артём Новиков.

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков белгилегендей, киргизилип жаткан жаңычылдыктарга карабастан, программалык ККМ ишке ашыруу мөөнөтү кечиктирилүүдө. Бирок бүгүнкү күндө биздин компаниялар рынокко чыгууга даяр.

«Альфа Телеком» ЖАК жетекчилиги алгачкы виртуалдык ККМ ишке киргизилиши тууралуу расмий жарыялады жана программалык ККМ боюнча өздүк бетачарын өткөрдү. Анын артыкчылыгы катары Интернетке жеткиликтүүлүгү бар каалаган уюлдук түзүлүштө, же жеке компьютерде пайдалануу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Учурда «Альфа Телеком» ЖАК рынокко чыгууга даяр. Жакынкы айларда тиркеме көчүрүп алуу жана тейлөө үчүн акысыз жеткиликтүү болот. Келечекте ар айлык абоненттик төлөмдүн деңгээли стационардык ККМ учурдагы тарифинен бир кыйла төмөн болот.

«Биз аталган багыттын ишкерлер үчүн гана эмес, мамлекет үчүн да чоң мүмкүнчүлүгүн көрүп турабыз. Жалпысынан алганда бул келечектүү багыт. Жакынкы келечекте биз дем берүүчү акцияларга катышусу үчүн чектерди сатып алуучулардын жеке кабинетинде сактоого мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук сервисти иштеп чыгабыз», - деди башкы директор Акылбек Жамангулов.

Маалыматты уккан соң, Артем Новиков рынокто ККМ жаңы программалык чечимдерин тез арада ишке киргизүү зарылдыгын, натыйжада бизнеске жүктөм кескин төмөндөп, экономиканын көмүскөдөн чыгуусун шарттай тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, премьер-министрдин м.а. салык кызматына тез арада калк менен эсептешүүдө ККМ пайдаланууга милдеттүү ишкер субьектилерин көзөмөлдөө жаатында ишти активдештирүү тапшырмасын берди. Ошондой эле бирдиктүү улуттук товарлар каталогун иштеп чыгуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий