• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Новиков: Өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткаруусун улантат

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо тууралуу» кеңешме өткөрдү.

«Бүгүнкү күндө Өкмөттүн пенсияларды төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды. Бул маселе боюнча бизде тобокелдиктер жок. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы декабрь айы үчүн камсыздоо төлөмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн бардык чараларды кабыл алуусу зарыл», - деп билдирди Артем Новиков.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, Өкмөттүн тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдетенмелери аткарылат.

Бюджеттин киреше бөлүгү үчүн жооп берген мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карай пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын бизнеске басым жасабастан камсыздоо тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий