• 87
  • 89.77
  • 0.79

Новиков: Салык кызматы калк жана бизнес үчүн тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынынын ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр салык кызматы тарабынан болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча кабыл алынып жаткан күч-аракеттерге оң баасын берди, буга катар бир катар кемчиликтерди көрсөтүү менен салык кызматынын ишиндеги жакынкы мөөнөткө карай артыкчылыктарды белгиледи.

МСК «жазалоочу органдын» образынан кайтып, калк жана бизнес үчүн тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек. Салык кызматын реформалоо салык администрациясын санариптештирүү, ошондой эле «Смарт Салым» салыктык башкаруунун санариптештирүү долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнү электрондук аралыктагы форматка ыкчам өткөрүү жолу аркылуу ишке ашырылат.

Өкмөт тараптан салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, салыктык текшерүү жана аппеляциялык арыздарды кароо функциясын аутсорсингге өткөрүп берүү, ошондой эле салыктык талаштар боюнча бейтарап сотторду түзүү боюнча чечимдер сунушталат. Бизнес салык орган кызматкерлеринин укук ченемсиз иш-аракеттеринен максималдуу түрдө корголушу керек. Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылга карай салыктык түшүүлөр жана камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча милдеттер толук көлөмдө ишке ашырылыш керек. Артем Новиков колдогу резервдерди аныктоо жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу зарылдыгын белгилеп, эки жумалык мөөнөттө тийиштүү иш-аракеттер планын киргизүү тапшырмасын койду.

Өкмөттүн жакынкы жылдарга бюджеттик процесстердин туруктуулугун камсыздоо боюнча биринчи кезектеги милдети белгиленди. Мамлекеттин учурдагы бардык чыгымдарын жабуу салыктык кирешелердин эсебинен ишке ашырылуусу тийиш. Ал эми тышкы жардамдар өлкө экономикасын өнүктүрүгө багытталышы абзел. Аталган милдет, биринчи кезекте салык кызматына жүктөлөт. Салыктарды башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат.
Андан соң жогоруда белгиленген «Смарт Салым» долбоорун ишке ашыруу алкагында Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Свердлов райондорунун салык органдарындагы «Бирдиктүү терезе» модернизизацияланган тутумунун иши менен таанышты. Аталган тутум заманбап санариптик чечимдерди пайдалануу менен салык органдарынын жана салык төлөөчүлөрдүн өз-ара аракеттешүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн форматын камсыздоого багытталган.

Жыйынтыгында Артем Новиков аталган «Бирдиктүү терезе» тутумун республиканын бардык аймактарында жайылтуу зарылдыгын белгилеп, 2020-жылдын соңуна дейре салык төлөөчүлөрдү тейлөөчү бирдиктүү көп функционалдуу борборду ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий