• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Новосибирскте кыргызстандыктын катышуусунда жол кырсыгы катталды – ТИМ

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Россияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-августта Новосибирск облусунун Чаны аймагында Кыргызстандын жаранынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо максатында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Чаны аймагынын полиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен байланышты.

Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын жаранына карата РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси менен кылмыш иши козголгондугу белгилүү болду.

Учурда кырсыкка кабылган кыргызстандык жаран ооруканага жаткырылып, тиешелүү медициналык жардамдарды алууда.

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жарандын туугандары менен байланышта болуп, керектүү консулдук жардам көрсөтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий