• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Новосибирскте Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Россиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара Новосибирск шаарынын жанындагы “Ата-Нур эс алуу жайлоосунда” Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Анын алкагында Башкы консулдук кыргыз диаспорасы жана коноктор үчүн түрдүү сынактар жана сый тамак уюштурду.

Мындан тышкары, Новосибирск облусунда жүргөн кыргыз жарандарына жардам көрсөткөн кыргызстандык дарыгерлерге, маданият жана спорт ишмерлерине, ошондой эле кыргыз диаспорасынын активисттерине Башкы консулдуктун атынан ыраазычылык баракчалары жана грамоталар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий