• 87
  • 90.43
  • 0.88

Новосибирсктен учуп келген жаран COVID-19 жуктуруп алган, Стамбулдан келгендердин анализи чыга элек — министр

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Новосибирсктен учуп келген жаран COVID-19 жуктуруп алган, ал эми кечээ Стамбулдан келгендердин анализи чыга элек . Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү Бишкекке чет жактагы жарандарды алып келүү боюнча үч каттам болгон.

"Буга чейин Бишкекке Түркиядан 211 жаран келген. Алардын ичинен бирөө коронавирус жуктуруп алганы тастыкталып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Ал эми аны менен байланышта болгондор обсервацияга алынган. Андан кийин 22-апрелде Новосибирск шаарынан 177 кыргызстандык учуп келген. Алардын ичинен дагы бирөөндө илдет бар экендиги аныкталды. Аны да ооруканага жаткырып, байланышта болгондор обсервацияга киргизилген", - дейт ал.

Абдикаримов кошумчалагандай, кечээ Стамбулдан учуп келген кыргыз жарандары мейманканада обсервацияда жатат.

"Алардын анализдери азырынча чыга элек. Анализдеринин жыйынтыгы таза чыкса, анда үй карантинине жиберебиз", - дейт ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 9 жаңы учуру катталып, жалпы 665 учурга жетти. Стационарда 312 адам жатат, алардын ичинен реанимацияда – 6. Ал эми 345 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий