• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нур-Султан шаарына коюла турчу Манастын эстелигинин эскизи тандалды

Маданият 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Казакстандын Нур-Султан шаарына коюла турган “Манастын” айкелинин эскизине жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеңүүчү катары скульптор Үрүстомбек Пазылов табылды. Ага 120 миң сом акчалай каражаты тапшырылат.

Жеңүүчүлөрдү жарыялоо отурумунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду; "Министрлик, 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын комплекстүү планын аткаруу максатында Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин орнотуу үчүн Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ачык чыгармачылык сынак жарыялаган. Бардык эмгектерди баалоо иштери калыстар тобу тарабынан жашыруун өттү. Жеңүүчү катары табылган скульптор Үрүстомбек Пазылов менен мындан ары иштешебиз. Буга чейин сунуш кылынган айкелдин эскизин талкуулоо эми, министрликтин көркөм эксперттик комиссиясында каралат. Ал эми скульптор Урустамбек Пазылов айкелдин эл аралык деңгээлде коюла тургандыгын эске алуу менен, Нур-Султан шаарынан бөлүнүп бериле турган жер тилкесинин ыңгайлуулугу менен бирге, комиссиянын сунушу менен кошумча толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүсү шарт деп билдирди. Айкел орнотула турган жер тилкеси менен таанышуу үчүн атайын алдын алуучу жумушчу топ Нур-Султан шаарына барып келүүсү керек".

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 20-майында министрлик тарабынан “Манастын” айкелин Нур-Султан шаарында орнотуу үчүн айкелдин эскизине ачык сынак жарыялаган болчу.

Ал эми сынакка катышып, 2-3-орундарды жеңген скульпторлор Азамат Абдрахмановго 80 миң сом, Базарбек Сыдыков жана Аскар Турумбековго 50 миң сом өлчөмүндө акча каражаты тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий