• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Нур-Султанда Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында 2022-жылдагы ЕӨА кеңешинин алгачкы жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) 2022-жылдагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар форматтагы алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Министрлер кКабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кеңешмени ачууда Казакстан Республикасынын

Премьер-министри Алихан Смаиловго кеңешмени жогорку деңгээлде уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирип, аны жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти комиссияга 10 жыл толушу менен куттуктап, ийгиликтерди жана мындан аркы жемиштүү кызматташууну каалады.

«КР президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунда үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусундагы артыкчылыктуу багыттарды жана демилгелерди белгиледи. Биринчиден, бул 2025-жылга чейин Экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетишүү, тоскоолдуктарды тез арада четтетүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясын чыңдоо, интеграциялык бирикмеге мүчө-мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү, климаттын өзгөрүшүнүн чакырыктарына жооп берүү боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мүчө мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан да кылдат изилдөөнү жана ишке ашырууну талап кылган бул багыттарды чечүүдө тыгыз кызматташууга чакырам», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, 2022-жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында Евразия экономикалык форумдун өткөрүлүшү пландаштырылууда. Иш-чара Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин катышуусунда өтөт.

Андан соң жыйын жабык форматта өттү. Эртең Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда өтөт.

Учурда Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына беш мамлекет: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы кирет.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий