• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нуракун уулу: Мыктыбек Абдылдаев депутаттардын тобу менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

"Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев жаңы эле депутаттардын тобу менен жолугушту. Бүгүн бул сыяктуу бир катар жолугушуулар, жыйындар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, талап-тонолгондуктан, депутаттардын жана спикердин туруктуу иш орду жок. Жолугушуулардын бардыгы ар кайсы жерлерде өтүп, убактылары да так болбогондуктан, сиздерди чакырууга мүмкүн болбой жатат", - деп жазган ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

Ошондой эле Нуракун уулу консультациялар тез арада натыйжа берип, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү чечилсе, алдын ала кабар бере тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий