• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурбаев: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу, мындай болбойт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште мыйзамдагы керексиз же болбосо иш жүзүндө иштебей жаткан айрым ченемдерди алып салуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев.

Демилгечилердин бири депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Конституциянын 56-беренесинде каралгандай, аскердик бөлүктөрдө күжүрмөн кызматын, ыйык милдетин өтөп жүргөн эр жигиттерибиздин мыйзамда убадаланган жогорку билим алууга болгон укуктарын коргоо жана аларга жеңилдиктерди кароо зарыл.

Жаштардын жогорку билим алууга шарт түзүү зарылдыгын белгилеген депутат: «Азыркы учурда жоокерлерибиз кызматын өтөп бүткөндөн кийин кыйынчылыктарга туш болот. Жогорку окуу жайларга тапшырайын десе, ал жакта жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат. Анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу. Көп жигиттерибиз жумуш издеп чет өлкөлөргө кетип калууда. Ошондуктан, бул мыйзам долбоору аркылуу ошол ченемди алып салуу сунушталууда», - дейт.

Талкуу жүрүшүндө альтернативдүү кызмат өтөгөндөр 25 миӊ сом, ал эми үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кызмат өтөгөндөр 18 миӊ сом төлөй турганы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий