• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Нурбек Букуев Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Нурбек Букуев Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев эмгек жамаатына тааныштырды.

Анда министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бейшеналиев Нурбек Букуевдин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемделип, дарылоонун алдынкы ыкмаларын киргизилип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий