• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы мыйзамсыз салынган үйлөрдүн жашоочулары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Күн мурун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, мыйзамсыз салынган көп кабаттуу турак-үйлөрдүн жашоочулары менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жарандар менен жолугушуу көчмө жыйынына Ош шаарынын вице мэри, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин түштүк бөлүмү, Мамлекеттик долбоорлоо институту жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызматкерлери катышты.

Тактап айтканда,“Эмаком” ЖЧКсынын Ош шаарындагы А.Шакиров №22, Ленин № 351, Матисаков №226; “Пик Стиль Строй Холдинг” ЖЧКсынын Ош шаарындагы Ленин № 349; “Дастан Курулуш” ЖЧКсынын “А” блогу Ашимахунова №26; “Астра Плюс” ЖЧКсынын А.Навои №10 дарагиндеги көп кабаттуу турак-үйлөрдүн жашоочулары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн жеринен укту.

Белгиленгендей, Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан аталган көп кабаттуу турак-үйлөрдүн маселелери мыйзам чегинде документтештирилип, мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий