Нургүл Салиева Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Салиева Нургүл Укеновна Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ал эми министрлер кабинетинин башка буйругу менен Дубанаев Адилет Садырбекович Салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Бүгүн фнансы министри Алмаз Бакетаев Салык кызматынын жамаатына төраганын жаңы орун басарын тааныштырды. Министр өз сөзүндө Салык кызматынын акыркы жылдардагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуудагы салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү аркылуу жетишкен олуттуу жетишкендиктерин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Нургүл Салиева буга чейин Салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору кызматын ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий