• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нурлан Өмүркул уулунун жетекчи болушун Бишкек ЖЭБинин жамааты каалады — Жакыпов

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нурлан Өмүркул уулунун кайрадан жетекчи болушун Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жамааты каалады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди.

Белгилей кетсек, 13-январда Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси болуп дайындалды.

“Ал тажрыйбалуу энергетик. Жаш кезинен бери ал жылуулук борборунда иштеп, кайсы коммуникация кандай кеткени тууралуу баарын билет. Ушул күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө аны кайрадан кызматка алуу боюнча чечим чыгарганбыз. Ал бизге керек болду, ошондуктан жумушка алдык. Ошондой эле Бишкек ЖЭБинин иш жамааты өздөрү Өмүркул уулунун жетекчи болушун каалады. Кызматка алардан мурун изилдөө иштерин жүргүздүк, укук коргоо органдарынан маалымат алдык. Нурлан Өмүркул уулунун соттуулугу жоюлган”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Нурлан Өмүркул уулу 2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болгон учурда мекемени жетектеп турган болчу. Окуядан кийин ал кызматтан четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий