• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Нурлан Садыков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Садыков Нурлан Маткасымович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин "Чакан ГЭС" ААКтын директору кызматын ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий