• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Нурланбек Кожогулов: Жакында айыл чарба тармагына жаңы техникалар берилет

Экономика 0

Бишкек, 14.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жакынкы күндөрү айыл чарба тармагына жаңы техникалар берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы техникалар министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен сатып алынган.

“Бишкекте суу чарба, курулуш, мелиоративдик техникалар салтанаттуу түрдө тапшырылат. Министрликке колдоо катары райондук агроөнөр жай башкармалыктарына дагы 40 атайын кызмат унаасы берилет. Иш-чара айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата, ошондой эле “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулат”, - деди Нурланбек Кожогулов.

Пикир

Оставить комментарий