• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Нурланбек Шакиев Ашхабаддагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөстандагы расмий сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду.

Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, түркмөн элинин эгемендигин даңазалаган 118 метр узундуктагы эстелик 2001-жылы ачылган.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркмөнстанга расмий сапар менен барган. Делегациянын курамында Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар.

Пикир

Оставить комментарий