Нурланбек Шакиев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Нурланбек Шакиев тарыхый байланышы терең эки элди маданий, салттык окшоштуктар жана орток руханий баалуулуктар жакындатып турарын белгилеп: "Мамлекеттерибиз ортосунда достукка жана өз ара ишенимге негизделген байланыш жигердүү уланып келет. Айрыкча Кыргыз Республикасынын Президентинин быйыл апрель айында Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары байланыштардын жаңы барагын ачып, стратегиялык өнөктөштүккө өбөлгө түзүлдү”, – деди.

Муну менен катар мамлекеттер аралык кеңештин экинчи отуруму да ийгиликтүү өткөнүн эске салган төрага эки өлкө ортосунда кабыл алынган макулдашуулар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын да салымы зор экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Парламенттер аралык кызматташтыктагы негизги максат эки тараптуу макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашуусуна колдоо көрсөтүү. Андыктан, аталган багытта тыгыз иш алып баруубуз кажет”, – деп кошумчалады.

Жолугушууда эл аралык деңгээлдеги байланыштар тууралуу да айтылып, төрага КМШ ПАА жана ТүркПА өңдүү уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине токтолду. Андан тышкары, экономикалык алакалар жөнүндө да кеп кылган Нурланбек Шакиев учурда Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатканын мисал кылды.

“Эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, экономикалык байланыштарыбызды да чыңдашыбыз керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Анын ичинен Бишкек-Баку аба каттамынын санын дагы көбөйтүп, эки элдин алакасын арттыруубуз зарыл”, – деди төрага.

Өз кезегинде Милли Межлистин Төрайымы Сагиба Гафарова эгемен Азербайжан мамлекетинин президенти Гейдар Алиевдин Кыргызстандагы алгачкы расмий сапары 1995-жылы уюштурулганын эске салып, андан бери алакалар жигердүү өнүгүп келе жатканын билдирди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын расмий сапары парламенттер аралык кызматташтыкка эле эмес, өлкөлөр ортосундагы алакаларга да чоң таасир берерин белгилеген Сагиба Гафарова: “Котормочусуз эле баарлаша алгандыгыбыз биздин бир тууган эл экендигибиздин далили. Андыктан, боордоштук мамилелерди өнүктүрүп, парламенттеги тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагындагы байланыштарды да кеңейтишибиз керек”, – деди.

Муну менен катар маданий алакаларга да токтолгон Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу да сөз кылды.

Пикир

Оставить комментарий