Нурланбек Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев ушул жылдын апрель айындагы президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары эки өлкө ортосундагы байланыштардын жаңы барагын ачып, стратегиялык өнөктөштүктүн пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи.

Муну менен катар жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттер аралык диалогдун да мааниси чоң экенин айткан Төрага: “Жогорку Кеңеш менен Милли Межлистин ортосунда калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүп, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да биргелешип иш алып баруубуз керек”, – деди.

Андан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолду.

“Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Айрыкча, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди Төрага.

Жолугушууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да көтөрүлүп: “Бул жаатта да алгылыктуу иштер аткарылууда. Үстүбүздөгү жылы Баку шаарында Кыргызстандын биринчи Маданият күндөрү уюштурулуп, бир туугандыкты жана достукту даңазалаган маанилүү иштер өткөрүлдү. Мындан ары да аталган багытта тыгыз иш алып барып, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүбүз керек. Анткени, маданий алакалар эки элдин жакындашуусу үчүн өтө зарыл”, – деди төрага.

Өз кезегинде президент Ильхам Алиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди жылуу кабыл алып, бул расмий сапар байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына токтолгон Ильхам Алиев Кыргызстанга жасаган расмий сапарындагы урунттуу учурларга токтолду.

Тагыраагы, буга чейин Азербайжандын атынан Кыргызстанда мектеп ачылса, жакында эле Кыргызстандын атынан Азербайжандын Хыдырлы айылына жаңы билим уясынын пайдубалы түптөлгөнүн кошумчалады.

“Буйруса аталган билим берүү мекемелери боордош эки калктын ортосундагы терең байланыштын символу катары таанылып, келечек ээлери үчүн кызмат кылат деген үмүттөмүн”, – деди Алиев.

Ошондой эле улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу да сөз кылып, быйыл Баку шаарында залкар жазуучунун элеси түшүрүлгөн эстелик ачылганын эске салды. "Чыңгыз Айтматов кыргызга гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө таандык улуу калемгер. Андыктан азербайжан эли калемгердин чыгармачылыгын жогору баалайбыз", – деп кошумчалады.

Муну менен катар Ильхам Алиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25 млн АКШ долларынан 100 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганын белгилеп, биргелешип ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу да сөз кылды.

Пикир

Оставить комментарий