• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Нурланбек Шакиев Франциянын элчиси Николя Файды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды.

Алгач жаңы дайындалган элчиге ийгиликтерди каалаган төрага: “Иш билги дипломат катары эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошосуз деген терең ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелерге тиешелүү маселелерге токтолгон Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан Европадагы эле эмес, дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин бири саналган Франция менен бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү өзгөчө артыкчылыкка ээ. Бул жаатта мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Андан тышкары, энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча да биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу өнөктөштүктү өрчүтө алабыз”, – деди.

Муну менен катар алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенине токтолгон төрага депутаттардын эки тараптуу жолугушууларын өткөрүү зарылчылыгын кошумчалады.

“Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Франциянын Сенатындагы Франция-Борбордук Азия достук тобунун жетекчиси Эрве Морэ Кыргызстанга иш сапары менен келип, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлгөн. Андыктан, парламент жетекчилеринин, тармактык комитеттердин деңгээлинде да мындай жолугушууларды уюштуруп, биргелешип иш алып баруубуз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүшкөн Жогорку Кеңештин төрагасы бул эки элдин достугун жана биримдигин өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

“Географиялык жактан алганда эки эл бири-биринен алыс жайгашканы менен калыптанган байланыштарды заман талабына ылайык тереңдетүү аркылуу жакындата алабыз”, – деди төрага.

Өз кезегинде элчи Николя Фай жылуу кабыл алып, көрсөткөн колдоосу үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, элчи катары жасай турган иштеринен учкай маалымат берди.

Анын ичинен Кыргызстандын маданият борборун Париж шаарында, Франциянын маданият борборун Бишкекте ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын сөз кылды.

Андан сырткары, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү багытында бардык күч аракетин жумшоого даяр экендигин айткан элчи эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу боюнча сунуштары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий