Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарындагы Барпы каналын ишке берүү аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кербен шаарындагы Живпром, Жарды-Колот жана Курулуш айылдарындагы айдоо жерлерди сугат суу менен камсыздоого багытталган каналдын курулушу үчүн 14 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.
Барпы каналынын узундугу 4830 метрди түзүп, ал аркылуу 200 гектардан ашуун жер аянтын сугаруу максатталган.
Ачылыш аземинин алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолду.
Өлкө башчысы жакында эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине суу чарба тармагын өнүктүрүү максатында 104 заманбап техниканы тапшырганын эске салып, “Анын ичинен төрт атайын техника Аксы районуна бөлүнгөн. Бул техникалар аймактын гана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөстөн, жалпы республиканын азык түлүк коопсуздугун камсыздоого жардамчы болот деген ишеничтемин”, – деди.
Ошондой эле Аксы районунда азыркы тапта 42 социалдык мекеменин курулушу жүргүзүлүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Быйыл эле 10 жаңы мектептин имараты ачылды, дагы 10 мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Бул мамлекеттин өнүгүп жатканын белгиси. Алсак, биз бийликке келгенден бери өлкө бюджети үч эсе өсүп, кечээ эле Жогорку Кеңеш кийинки жылдын республикалык бюджетин 705 млрд сом өлчөмүндө биринчи окууда бекиттик. Улуттук дүң продукциябыздын көлөмү быйыл 1 трлн сомдон ашса, 2025-2026-жылдары дагы жогорулап, 2 трлн сомго жетери белгиленүүдө”, – деди.
Муну менен катар 7 чакырымды түзгөн Ак-Терек каналынын курулушу да кийинки жылдын аягында бүткөрүлөрү айтылды.
Пикир
Оставить комментарий