• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын жыйынына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Бүгүн төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна жана 57-пленардык жыйынына катышат.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Талайбек Масабиров, Чыңгыз Ажибаев, Арсланбек Малиев, Сеидбек Атамбаев, Кубанычбек Самаков, ошондой эле президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов бар.

Пикир

Оставить комментарий