• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Нурланбек Шакиев Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ички иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө кызматынан билдиришти.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ички иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Ар бир элдин өз тарыхы, өз баскан жолу болот. Ал жол урпактан урпакка уланып, өткөн тарых-таржымалы аркылуу ошол элдин келечеги калыптанат. Анын сыңарындай, кыргыз эли да узак жылдарды басып өтүп, кыраан уул-кыздарынын аркасы менен кайрадан эгемендигин калыбына келтирди. Албетте, эгемендигибизге байланышкан эң маанилүү кадамдар мындан туура 100 жыл мурун жасалып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Анын аркасында алгачкы мамлекеттик органдар пайда болуп, алардын катарында милиция башкармалыгы, тагыраагы азыркы Ички иштер министрлигинин алгачкы пайдубалы түптөлгөн. Бул жылдар аралыгында кыргыз милициясы ары даңазалуу, ары сыймыктуу жолду басып өттү. Өлкөбүздө укук үстөмдүгүн орнотууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого зор эмгек жумшап, кыргыз милиционерлери коомдогу тартипти бекем сактоо менен мамлекетибиздин эгемендигин бекемдөө жаатында жигердүү кызмат кылып келишти. Канчалаган кыйын кырдаалдарга туруштук берип, калкыбыздын бейпил турмушун камсыз кылууда өз өмүрүн тобокелге салган ички иштер органдарынын кызматкерлерине элибиздин үмүтү чоң.

Ага ылайык, акыркы жылдары тармактын ишин жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн реформалар жана жаңылануулар болууда. “Менин милициям – мени коргойт” – деген ураанды калыбына келтирүү аракети кайрадан колго алынып, кызматкерлердин жоопкерчилигин жана адискөйлүгүн жогорулатуу жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын көрүүдөбүз.

Албетте тармакта кемчиликтер да жок эмес. Бирок мекенин сүйүп, берген антын бекем сактаган кызматкерлерибиздин каарман аракети менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук үстөмдүгүн коргоо иши мындан ары да жигердүү уланат деген ишеничтемин! Анткени, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана коомго коркунуч келтирген кылмыштуу аракеттерди жоюу багытында көп иштер жасалышы керек. Коомчулук дагы деле ички иштер органдарынын кызматкерлеринен кесипкөйлүктү күтөт. Себеби, катардагы жарандар менен түздөн-түз иштеп, жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишенимди жогорулатууда милиционерлердин салымы зор.

Ардактуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздер өлкөбүздөгү өзгөчө жагдайларда жана ар кандай иш-чараларда дайыма коомдук коопсуздукту камсыздап, үй-бүлөңүздөрдү таштап, күнү-түнү жарандарды тынчтыгы үчүн жалпы элдин кызматында жүрөсүздөр. Андыктан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирип, кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин элесине таазим этебиз.

Элибизге кылган эмгегиңиздердин акыбети кайтып, өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

Сиздерди дагы бир жолу 100 жылдык маарекеңиздер менен куттуктап, баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм".

Пикир

Оставить комментарий