Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктады.

Анда мындай деп айтылат:

Ардактуу ата-энелер жана бөбөктөр!

Сиздерди Жогорку Кеӊештинн жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Келечек ээлеринин көйгөйүнө көңүл буруп, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү бөбөктөргө жана кароосуз калган наристелерге кам көрүү керектигин эске салган бул эл аралык күн мындан туура 74 жыл мурун негизделген. Бирок бул күндүн жылдан-жылга мааниси артууда. Себеби, адамзат өнүгүп, жашоо шарт жакшырганы менен балдарга татыктуу кам көрүү маселеси актуалдуулугун жоготпой келет. Баалуулуктардын өзгөрүшү, өлкөдөгү экономикалык абал, айрыкча ички-тышкы миграциялык агым балдарыбыздын турмушуна түздөн-түз залакасын тийгизип жатканы да жашыруун эмес. Андыктан, бөбөктөрүбүзгө тиешелүү көйгөйлөрдү чечүү жана алардын келечегине кам көрүү биздин башкы максатыбыз.

Урматтуу мекендештер!

Балдардын күлкүсү жаңырган өлкөдө бакубатчылык өкүм сүрөт. Андыктан ар бир бала мээримге чулганып, өзгөчө камкордук менен чоңоюшу керек. Наристелердин келечегин талкалап, зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасы катуу болуп, жосунсуз жоруктарга жол берилбеши зарыл. Балдар биздин келечек. Келечегибиздин кең болушун кааласак, балдарыбызга татыктуу таалим-тарбия беришибиз шарт.

Кымбатуу бөбөктөр!

Ар бириӊерге кеӊ келечек, бекем ден соолук, узун өмүр каалайм! Биз силердин бактылуу болушуӊарга зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө даярбыз. Ар бир кылган эмгегибиз, жасаган ишибиз силер үчүн экенин унутпагыла! Жакшы окуп, жакшы тарбия алып, ата-энеӊерди гана эмес, жалпы элди сыймыктандырган инсандардан болгула!"

Пикир

Оставить комментарий