Нурланбек Шакиев ТүркПАнын пленардык отурумунда баяндама жасады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын XIII пленардык отурумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызмтаынан билдиришти.

Ал "Түрк дүйнөсү үчүн жашыл горизонттор: жашыл күн тартибине жетишүүдө парламенттердин ролу" аталышында отурумда кеңири баяндама жасады.

Анда төрага талкууланып жаткан тема абдан актуалдуу экенин жана жашыл күн тартибине жетишүү маселесин жыйындын негизги темасы катары тандап алынганы бекеринен эмес экенин белгиледи. "Анткени, экологиядагы жагдайлар бүгүнкү күндүн эң олуттуу жана көйгөйлүү маселесине айланды”, – деди Шакиев.

Ошондой эле климаттагы өзгөрүүлөр боордош мамлекеттерге да залакасын тийгизип жатканын айткан Нурланбек Шакиев: "Адам менен табияттын ортосундагы бир бүтүндүк кайра калыбына келмейин экологиялык коркунучтар азайбайт. Андыктан, аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, илимий технологиянын артыкчылыктарын экологиялык балансты калыбына келтирүүгө багыттообуз зарыл. Айрыкча, биз бири-бирибизге жардам берип, экология маселесине тиешелүү мыйзамдык базаны чыңдоо жаатында тыгыз иш алып баруубуз кажет. Ошондо гана аймактык жана глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча олутуу ийгиликтерге жетише алабыз. Себеби, жаратылышты коргоо жана экологиялык туруктуулукту сактоо боордош элдердин саламаттыгын жана бакубат жашоосун камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ", – деп кошумчалады.

Ал белгилегендей, 90%ын тоолор ээлеген Кыргызстан тоо маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп келе жатат. "Айрыкча "Тоолуу аймактарды 2023-2027-жылдарга карата өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты" ишке ашыруу максатында көптөгөн иштер жасалууда. Анын жыйынтыгында 2027-жылы Кыргызстанда "Бишкек+25" II Глобалдык Тоо саммитин да өткөрүү мерчемделген. Боордош өлкөлөрдү аталган демилгебизди колдоп, иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз", – деди төрага.

Сөзүнүн аягында Түрк дүйнөсүнүн экономикалык жана географиялык артыкчылыктарын пайдалануу менен экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерине токтолгон Нурланбек Шакиев: "Айрыкча соода мамилелерин чыңдоо, транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, транзиттик инфраструктураны жакшыртуу жаатында тыгыз иш алып баруубуз керек", – деди.

Андан тышкары, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы алкаларга өзгөчө маани берерин белгилеп, аталган аянтча бир тууган калктардын байланышын өнүктүрүү үчүн өзгөчө орунду ээлерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий