• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Нурланбек Шакиев Токтогул ГЭСинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСтеринин каскадынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

ГЭСтин жамааты менен жолугушууда өлкө экономикасына энергетиктердин кошкон салымы чоң экенин белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев: “Жабдуулардын эскиргенине карабай, тажрыйбалуу адистердин талыкпаган аракети аркылуу жарандарыбыз жарык жана жылуулук менен камсыздалып келет. Айрыкча билим менен тажрыйбаны айкалыштырган кесипкөй энергетиктерибиз акыркы кышта терс кесепеттерди жаратпастан, татыктуу кызмат көрсөтүштү”, – деди.

Ага ылайык, өлкө жетекчилеринин атынан энергетиктерге ыраазычылык билдирген Нурланбек Шакиев алдыңкы адистерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Төраганы коштоп жүргөн энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов менен “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” директору Амангелди Тайчабаров тийиштүү маалыматтарды беришти.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭС каскадынын негизги ишмердүүлүгү электр энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүү жана керектөөчүлөргө бөлүштүрүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 80%дан ашыгы аталган каскаддын ГЭСтеринде өндүрүлүп, курамына Токтогул жана Күрпсай ГЭСтери кирет. 1975-жылы ишке берилгенден бери алмаштырылбай келе жаткан айрым жабдуулары жаңыланып, Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинин учурда тийиштүү жумуштар жасалууда. 2025-жылы төрт агрегаты толугу менен алмаштырылып бүтсө, азыркы 1260 мегаваттык кубаттуулук 1440 мегаваттка көбөйөт.

Маалым болгондой, учурда ГЭСке суунун агып келиши секундасына 266 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 155 куб метрди түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий