• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн ISSYK KUL ITF-2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, быйылкы туристтик мезгилдин ачылышына карата уюштурулган иш-чарага туризмди өнүктүрүү багытында иш алып барган мамлекеттик мекемелердин, эл аралык компаниялардын, туроператорлордун жана агенттиктердин, авиакомпаниялардын, мейманканалардын өкүлдөрү, ошондой эле бул тармакта кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер катышты.

Көргөзмө-жарманкеде ата мекендик өндүрүштөгү товарлар, улуттук буюм-тайымдар, тамак-аштар тартууланып, келгендерге өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Борбор Азиядагы эле эмес, дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.

“Бийик тоолорубуз, көгүлтүр көлдөрүбүз жана көркөм жаратылышыбыз менен өзгөчөлөнгөн өлкөбүз меймандос калкы жана бай маданияты менен да айырмаланып турат. Айрыкча төрт мезгил төрт башка көрүнгөн табиятыбызды өзүндөй тасмага тартып, сүрөткө түшүрүү мүмкүн эмес. Көз менен гана көрүп, көңүл сергитүүгө болот. Андыктан, жыл бою дүйнөнүн булуң-бурчунан конокторду тосууга мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деди ал.

Муну менен катар төрага жылдан жылга туристтердин саны өсүп жатканын жана мында жеке ишкерлердин салымы чоң экенин белгиледи.

“Туруктуу туризмди калыптандырууда туристтердин коопсуздугу жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты өтө маанилүү. Андыктан бардык тиешелүү мекемелерди жана жердештеримди аталган маселелерге тыкыр көңүл бурууга чакырам”, – деди Шакиев.

Ошондой эле туристтик индустриядагы ишкана-уюмдарга жагымдуу шарттарды түзүү, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу Кыргызстанды туристтик өлкөгө айлантуу башкы максат экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Бүгүнтөн баштап жайкы туристтик мезгил ачылсын”, – деп расмий жарыялады.

Андан тышкары, төрага Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өткөрүлгөн Ысык-Көл марафонунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине да катышты.

Төртүнчү жолу өтүп жаткан жарышка ШКУга мүчө өлкөлөрдөн келген көптөгөн спортчулар күч сынашып, эл аралык мелдештерге жолдомо алышты. Алсак, 21 чакырым аралыкты 1 саат 9 минут 38 секундда чуркап өтүп, биринчи орунду багынткан жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 70 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Андан башка алдыда келген спортчуларга да тиешелүү сыйлыктар берилди.

Пикир

Оставить комментарий