• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Нурланбек Шакиев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына, ошондой эле 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага катышты.

Парламент имаратында өткөн салтанатка бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, журналистика тармагында эмгектенген адистер жана агартуучулар катышты.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап: “100 жылдыгын белгилеп жаткан кыргыз журналистикасы бул мезгил аралыгында ары татаал, ары сыймыктуу жолду басып өтүп, коомдогу негизги күчкө айланды”, – деди.

Ошондой эле сөз эркиндиги жана журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу да сөз кылган төрага: “Кыргызда “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, “Буттан чалынган турат, сөздөн жаңылган турбайт” – деген жакшы кептер бар. Анын сыңарындай, сөз эркиндиги биздин элдин канына сиңген касиет. Бирок, сөз эркиндиги менен ээн ооздукту аралаштырууга болбойт. Ар бир айтылган сөздүн жоопкерчилиги да бар экенин унутпашыбыз керек. Кесибин мыкты түшүнгөн, журналисттик адистиктин эрежелерин билген адам сөз эркиндигин жакшы пайдаланып, ээн ооздукка, куру жалаага жол бербейт”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар өзүнө карата айтылган сындар тууралуу да пикирин билдирген Нурланбек Шакиев: “Мен жөнүндө интернет баракчаларында ар кандай кептер жүрүп, ушак-айыңдар менен катар түрдүү сындар айтылып жатканын билем. Бирок депутат, ошондой эле мурда журналистика тармагында эмгектенген инсан катары айтылган кептерге реакция кылгым келбейт. Мен мамлекетимдин өнүгүшү жана келечеги үчүн ар кандай сындарга кайылмын”, – деди.

Иш-чаранын алкагында айрым журналисттерге жана медиа тармагында эмгектенген адистерге Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды.

Андан тышкары, салтанатта журналисттер да сөз сүйлөп, тармактагы айрым маселелер боюнча пикирин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий