Нурланбек Шакиевдин Австрияга расмий сапары башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрияга расмий сапары башталды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегацияны Вена шаарындагы Парламент сарайында Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка тосуп алды.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо тилегин жазып калтырды.

Алсак, делегациянын курамында депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Пикир

Оставить комментарий