• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нурмухамед Миңбаев Туризм департаментинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Нурмухамед Миңбаев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Нурмухамед Миңбаев жогорку билимдүү, кыргыз, орус жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу:
2002-2004-жылдары - "Ислам маданият борбору" коомдук фондунун директору;
2004-жылы бир эле мезгилде - "Чеч-Төбө-Ата" фондунун аткаруучу директору;
2005-2006-жылдары - муфтияттын Нарын облустук казысынын орун басары;
2008-2009-жылдары - муфтияттын Чүй облустук казыятынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы;
2009-2012-жылдары - муфтияттын Чүй облусунун казысынын орун басары;
2012-2013-жылдары - муфтияттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы;
2013-жылы бир эле мезгилде - муфтияттын Чүй облусунун казысынын орун басары;
2013-2018-жылдары – “Жамияти Ассалам Лиль Аль Амаал Аль Инсаният Вал Хайрия” коомдук фондунун вице-президенти;
2018-2020-жылдары – “Жамияти Ассалам Лил Аль Амал Аль Инсаният Вал Хайрия” коомдук фондунун президенти.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Пикир

Оставить комментарий